Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” эссе сынагынын финалистти, Айтолкун Алтынбек кызы
Эссе
“Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалы мага эмне берди?
” Жаш толкун” деп аталган поэзия конкурсу кулачын мурункудан кенен жайып, быйыл фестиваль түрүндө өттү. Кыргыз адабиятынын учурдагы бардык муунунун өкүлдөрү катышкан чоң поэзия майрамы болду. Проза, поэзия жанрларынын жаштар арасында кеңири тарап, окурмандар эле эмес, калемгерлердин катары көбөйгөнү мени кубандырды. Эссе сынагынын жеңүүчүлөрүнүн өмүр баянын окуп отуруп ушунчалык Акун компаниясынын башында турган Чыныбай Акуновичтин жубайы Нуржан Давлетбековна баштаган командага ыраазы болдум. Себеби быйыл Эссе сынагы кошулуп, адабият сүйүүчүлөрүнүн катары эки эсе көбөйгөнүн баамдадым.
Чыныбай Акуновичтин экинчи өмүрү чындап башталып, ал эми кылымдап өмүр сүрөт экенин көзүм чындап жетти. Мен ушул сынакка катышып, өзгөчө экинчи турга берилген “Жылдыздуу жээк” аттуу чыгарма жаратууда Чыныбай Акуновичти уч кыйырсыз деңиздин бүткүл булуң-бурчун таанып бүткөн, акылдуу, оор басырыктуу, бардык максатына жетип, бир жарым кылым өмүр сүргөн ташбакага салыштырдым. Ал эми өзүмдү жаңы эле жумуртканы жарып чыгып, ачык деңизге биринчи жолу бой таштаган балапан ташбакага салыштырдым. Балким бул салыштыруу кимгедир жакпашы мүмкүн, кимгедир эмнеге ташбака деген суроо туудурушу ыктымал.
Кайсы гана чөйрө болбосун алгач тобу менен кудум эле жайнаган ташбакаларлай бир топ күлүк мараны көздөй чогуу чуркашат. Биздин адабият айдыңына да тобубуз менен далай жаштар чогуу чуркап келебиз. Арасында мага окшогон чабалдары орто жолдо жырткыч тийип канаты кайрылып ат чабым артта калып калган учурлары, айрымдары алдыга эбак озуп, жетчү максаттарга эрте жеткендери бар. Адабият өзү ачык, уч кыйырсыз деңиз. А биз бала ташбакалар бардык кыйынчылыктарга чыдасак максаттын баарына жетип, адабияттын алптарындай кылым аша өмүр сүрөбүз деген ойду бир ырга сыйдыра албай убараландым.
Айрымдар деңизге кирген соң бир гана жол менен сүзүп отурса, Чыныбай Акунович бир канча жол таап, ошол жолдордун бардыгында эң бийик тепкичке жеткендиги менен мени ушунчалык суктандырат. Кезинде кудум биз сыяктуу эле боз топурак айылда чоңойгон, биздей эле шартта жашаган, биздей эле тоолук кыргыздын уулу болгон эмеспи. Кантип анан ушунча кыска өмүрүндө бир канча тармактын эң бийик чокуларына чыга алды?
Чыныбай Акунович күжүрмөндүгү, жөнөкөйлүгү, таланты, адамгерчилиги менен килейген ачык деңизде жашап кете алган алптардын бири. Ошол үчүн оюмдан деңиз, кылымдап өмүр сүргөн ташбакалар, ара жолдо сыноого чыдабаай чекесинен азуулууга жем болгон бала ташбакалар кетпей туруп алды.
Анын үстүнө сынактын калыстары адабияттын алптары. Ал аздык кылгансып меймандардын баары мен-мен деген мыктылар. Жүрөгүм толкуп, апкаарып, сүрдөп турдум. Айрым учурларда өзүмдү жоготуп, ырларымды унутуп, апкаарыган да учурлар болду. Биз ушундай улуу инсандардын экзаменинен өтүп, ушул улуу инсандардан сабак алган бактылуу муун экенбиз. Сабак берип эле тим болбой сыйлыгын кошо берип, эс алдырып, ыр майрам куруп берген Нуржан Давлетбековнага алкыш айтам. Мындай мүмкүнчүлүк бардык эле муундун өкүлдөрүнө буйруган эмес.
Сөзүмдүн аягында баса белгилей турган нерсе, мен ушул улуу инсандын атын алып жүргөн адабий сыйлыктын лауреаты болгонума сыймыктанам. Бул сыйлык мага оңой-олтоң эле, күтүүсүз жерден келип калган жок. Ушул сыйлык түптөлүп жатканда эле лауреат болууну кыялдангам. Бирок сынакка катышуудан коркуп, сүрдөп жатып, устаттардын түрткүсү менен катышып калдым. Дипломдук ишимди жактаганда да, мамлекеттик экзамендерде да,аспирантураны аяктап жатканда илимий ишим тууралуу маалымат берип жатканда да, керек болсо түз эфирде алып баруучу болуп мен-мен деген корифейлердин алдында сүйлөп жатканда да мынчалык сүрдөгөн эмес элем. Калыстардын алдына чыкканла эле оозумдан сөзүм түшүп, көзүм караңгылап, миң сыйра окуп жүргөн жатка билген ырларымдан өйдө унутуп, өтө апкаарыдым. Себеби адабият мен үчүн ыйыктардын ыйыгы. Мен да ушул чөйрөдө өз ордумду тапкым келет. Ушул чөйрөнүн алптарынын элегинен өтүү кыялым эле. Ошол кыядын баарын ишке ашырган “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалына ыраазымын. Башкы байгенин мага ыйгарылышына чынын айтсам көзүм жеткен эмес. Кыздар поэзиясы дайыма мырзалар менен чогуу чуркаганда мырзалар алат деген түшүнүк акылыма орноп калганбы, айтор башкы байгеге илинбесем да экинчи же үчунчү орунга илинсем керек деп отургам. Бирок ал орундардын бардыгы башкаларга берилгенден кийин кадимкидей шаабайым сууп калды эле. Каап, катышпай эле койсом болмок экен деген кыжаалат кылган ойдо турганымда кокустан эле менин ысымым жаңырып калды. Бул учурду сөз менен жеткире албайм. Жашасын поэзия!